Биз менен байланышыңыз

Баткен мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 162 | 0

Баткен мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндөгү тротуардын курулушунда аткарылбаган жумушту мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча кылмышка шектүүлөр жоопкерчиликке тартылышты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы Баткен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучу «Ч.С.» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2 млн 964 миң 700 сомдук тротуар (арык-лотоктору менен) курулуш объектисин акты менен колдонууга кабыл алышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1 млн 917 миң 443 сомдук тротуарга асфальт төшөө иши аткарылбаганы аныкталып, натыйжада бул зыян толугу менен калыбына келтирилди.

Тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иш соттун кароосуна жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM