Биз менен байланышыңыз

8-марттан тарта Жунусалиев жана Курултай көчөлөрү оңдоо үчүн жабылат

Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 181 | 0

8-марттан тарта Жунусалиев жана Курултай көчөлөрү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жунусалиев көчөсүнүн Гагарин-Ахунбаев бөлүгү жана Ынтымак конушундагы Курултай көчөсүнөн баштап, Магистраль көчөсүнөн Кожомкул көчөсүнө чейинки бөлүгү унааларга жабык болот.

Бул көчөлөр аркылуу өтүп жүргөндөр эртеңден тарта Шота Руставели жана Азия көчөлөрүнөн кире баштайт.

«Урматтуу жарандар! Жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңыздарды алдын ала пландап коюуңуздарды суранабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Көчөлөр «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен оңдолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM