Биз менен байланышыңыз

8-март кайсы өлкөлөрдө кандай белгиленет?

Блог | 8 Мар 2022 | 673 | 0

8-март — Аялдардын эл аралык күнү бүткүл дүйнөдө белгиленген майрам. Майрамды белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Учурда 8-март — дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет.

Кыргызстанда Аялдардын эл аралык күнү 8-мартка чейин эки-үч күн мурда башталат. Өлкөнүн бардык аймактарында концерттер, флешмобдор жана ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Бул күнү ар бир үйдө майрамдык маанай орун алып, мырзалар сүйүктүү айымдарын куттуктайт.

Аялдар күнүн белгилөө жөрөлгөсү байыркы Римден бери келе жаткан салтка кирет.

Тарыхы:

Байыркы Римде эле аялдар күнү матрондор (эркин аялдар) тарабынан белгиленип, марафондор өткөрүлгөн. Аларга бул күнү күйөөлөрүнөн белектер берилген жана ар кандай камкордуктар көрүлгөн. Күңдөргө да кожоюндары белек берип, эс алууга уруксат алышкан. Римдик аялдар майрамдагыдай кийинишип, баштарына жыпар жыттанган гүлчамбарларды тагышып, Веста кудайынын храмына келип, сыйынышкан. Кийин аялдар өздөрүнүн турмушун өзгөртүүнү, эркектер менен тең укуктуулугу үчүн күрөшүүнү чечишкен. 1857-жылы 8-мартта Нью-Йоркто жумушчу аялдар шаардын көчөлөрүнө чыгышып, эмгек акыларынын төмөндүгү, шарттарынын начарлыгына каршы нааразылык билдиришкен. 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорктун жумушчу аялдары кайрадан иш ташташып, балдардын эмгегине тыюу салуу, фабриканын шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшкан.

1909-жылы Америка социалисттик партиясы февралдын акыркы жумасын аялдардын Улуттук күнү деп жарыялашкан. 1910-жылы Копенгагенде социалист-аялдардын II эл аралык конференциясында немис революционери, Германия Компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуштаган. Анын сунушу боюнча жыл сайын Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул күн алгачкы ирет 1911-жылы Германия, Австрия, Швейцария жана Данияда, ал эми Орусияда 1913-жылы өткөрүлгөн.

1914-жылы Австрия, Венгрия, Германия, Нидерландия, Швейцария, Орусия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн аялдары эл аралык күнү — 8-мартты салтанаттуу майрамдоону чечишкен (буга чейин көптөгөн өлкөлөрдө марттын ар кайсы күндөрүндө белгиленген). Ошондой эле еврей элдеринде да жаз майрамы — Пурим кыштан жазга өткөн мезгилге туш келип, 8-март күнү майрамдалат.

СССРдин убагында СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1965-жылы 8-майдагы Указы боюнча аялдардын эл аралык күнү — 8-март демалыш болуп жарыяланган. Кыргызстанда аялдардын эл аралык күнү 1920-жылдан белгиленип келе жатат. Бул күн кыргыз аялдары үчүн чоң мааниге ээ болуп, аялдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча мектептер, аялдардын клубдары, кызыл үйлөрү, кесиптик атайын артелдер жана башка пайда болгон. Мисалы, 1925-жылы 8-мартта Күрмөнтү болушундагы Талды-Суу кыштагында Кыргызстандагы аялдардын алгачкы клубу ачылган. Батышта бул майрам 1930-жылы аягында иш жүзүндө унутулуп калып, феминизмдин кайра жаралышы менен 1970-жылы калыптанган.

1978-жылы аялдардын эл аралык майрамы БУУ тарабынан расмий түрдө таанылган. Учурда бул майрам көп өлкөлөрдө аялдардын сүйүктүү майрамдарынын бири болуп эсептелет. Расмий түрдө 32 мамлекетте таанылган. Кээ бир өлкөлөрдө улуттук майрам күнү болуп саналат. Калган КМШ өлкөлөрүндө Советтер Союзунан калган адат боюнча белгиленет.

Биринчи жолу Айымдардын майрамы 1911-жылы 19-мартта Германия, Австрия, Дания жана Швейцарияда белгиленген. 1912-жылы бул күн ошол эле өлкөлөрдө 12-майда белгиленип келген. Кийин айымдардын майрамы 8-мартка жылдырылган. Учурда 8-март улуттук майрам катары белгиленип, дээрлик бардык өлкөлөрдө демалыш күн. Бирок Лаосто жана Мадагаскарда — бул күн айымдар үчүн гана демалыш. Ал эми Кытайда аялдар үчүн иш күнү кыскартылган. Европа өлкөлөрүндө бул күн кызыл эмес, бирок аялдардын укуктары үчүн ар кандай митинг, жыйын жана жүрүштөр өтөт.

8-март бул жылы 111-ирет белгиленет.

Кайсы өлкөлөрдө майрамдалат?

Кыргызстанда бул күндү аялдардын майрамы катары жапырт белгилеп жүрүшөт. Ар кандай иш-чаралар жана майрамдык кечелер уюштурулат.

1975-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 8-мартты аялдардын жетишкендигин майрамдоо жана теңсиздикке каршы күрөшүү күнү катары жарыялаган.

Кыргызстанда 8-мартта аялдарга ар кандай белектерди берип, майрамдык маанай тартуулоого аракет кылышат.

Кытай

Кытайда болсо ушул күнү кыз-келиндер жумушчу күнүнүн жарымын гана иштейт. Бирок бул КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин сунушу мыйзам менен бекитилбегендиктен айрым жумуш берүүчүлөр муну кармана беришпейт.

Италия

Италияда аялдарга 8-мартта мимоза тартуулашат. Мындай салт Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Римде кеңири жайылган. Анын келип чыккан булагы белгисиз.

Америка

АКШда март айы аялдарга арналган. Жыл сайын президент билдирүү менен чыгып, америка коомундагы аялдардын ролу тууралуу сөз кылат.

8-март майрамы Сулуу айымды даңктоо күнү катары эмес, революциячыл аялды даңазалоо күнү катары кабыл алынган. Революциянын таңында бул майрамды «Правда» гезити «Жумушчу аялдардын интернационалынын күнү» деп атаган, бул — аялдардын укуктары боюнча эркектер менен тең болууга умтулгандардын майрамы, боштондукка чыгуу күнү. Бүгүнкү күндө майрам тарыхый максатын жоготту. Бул күнү көптөгөн өлкөлөрдө дагы эле феминисттердин массалык акциялары жүрүп жатканына карабастан, бул күндү көпчүлүк күчтүү секске каршы күрөш күнү деп эсептешет.

Улуу Британия

8-март Улуу Британияда бул күн расмий түрдө майрам болбосо да, популярдуулукка ээ болуп келет.

Улуу Британияда жаздын негизги аялдар окуясы католик майрамдарынын календарына жараша белгиленген датасы «Энелер күнү» болот. 2002-жылы 10-мартка туш келген. Бул күнү апалар, кайненелер жана чоң апалар балдарынан жана неберелеринен сүйүүнүн, урмат-сыйдын жана көңүл буруунун жышаандарын көрүп, гүлдөрдү, белектерди алышат.

Польша

8-мартта поляктар Польшадагы аялдардын укуктарын коргоо боюнча ачык кат менен чыгып, бул маселени ачык жана олуттуу талкуулоону талап кылышкан.

Катка, атап айтканда, Нобель сыйлыгынын лауреаты, акын Вислава Шимборска, актриса Кристина Янда, кинорежиссер Агнешка Голланд кол коюшкан.

Аялдар Евробиримдиктин башкы кеңсесине жазган катында Брюссел менен сүйлөшүүлөр Польшада аялдардын тең укуктуулугуна шарт түзүлбөгөнүн, үмүттүн тескерисин жазышкан. «Өкмөт менен католик чиркөөсү Евробиримдикке кирүү маселеси боюнча келишим түзүштү», — дешет каттын авторлору.

Бул мыйзамдар Мальта жана Ирландия менен бирге Европадагы эң репрессивдүү болуп саналган Польшада үстөмдүк кылган тажрыйба аларды ого бетер катаал кылат. Билдирүүнүн авторлору бул маанилүү тема боюнча эркин демократиялык кырдаалда талкууну баштоого чакырат.

Италия

8-март аялдардын тилектештигинин жана көз карандысыздыгынын күнү катары Италияда 1946-жылдан бери, өлкөдө республика түзүлгөндөн кийин белгиленип келет. Бирок ал демалыш да, расмий майрам да эмес.

Мимоза Италияда аялдардын майрамынын символу катары тандалган – ал абдан жумшак көрүнөт, бирок чындыгында, абдан чыдамдуу. 8-мартка чейин мимоза жеткирген италиялык ишкер Марко Калдиретти «РИА Новости» маалымат агенттигинин кабарчысына билдиргендей, быйыл италиялыктар сүйлөшкөн кыздарына мимоза сатып алуу үчүн 51 миллион евро коротушары болжолдонгон.

Мимоза плантациялары Сан-Ремого жакын жерде 560 гектар аянтта жайгашкан. Быйыл Италияда ыр фестивалы өтөт. Анын алып баруучусу Пиппо Баудо ооган аялдарына каражат чогултуу үчүн кайрылуу жасайт. Айтмакчы, «Аристон» концерттик залында отурган бардык аялдарга мимоза гүлдестелери берилет.

Ооганстан

Ооганстанда көп жылдан бери токтоп калган бул майрам быйыл кайра белгиленет. Кабулда жана башка шаарларда жаз күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Талибдердин айтымында, «бул — жаңы Ооганстанда аялдардын укуктарынын жанданганынын далили».

Ооганстанда президент Наджибулланын тушунда мыйзамдуу түрдө 8-март майрам күнү деп эсептелген. Бирок талибдер бийликке келгенден кийин бул күн майрамдардын тизмесинен өчүрүлгөн.

Пакистан

Аялдардын эл аралык күнү Пакистандын борборунда тынчтыкты колдоо үчүн факелдин жүрүшү менен белгиленет. Жүрүшкө генерал Мушаррафтын өкмөтүндөгү аялдардын иштери жана социалдык коргоо министри Аттия Инаятулла катышат. Дыйкан аялдар айылдардан автобустар менен Исламабадга келишет, алар укук коргоо уюмдарынын активисттери, мугалимдер, юристтер, журналисттер жана студенттер менен бирге шаардын көчөлөрү менен басып өтүшөт.

Атайын жарманкеде аялдар күнүнө карата элдик ыр-бий аткаруучуларынын концерти уюштурулат. Азыркы коомдо аялдардын ролун жогорулатуу маселелери боюнча семинарлар болот.

Бириккен Улуттар Уюмунун түрдүү уюмдарынын өкүлчүлүктөрү Искусство боюнча улуттук кеңеш менен биргеликте Исламабаддын борбордук стадионунда сайма саюу боюнча сынак уюштурууда. Ал Пакистан менен Ооганстандын аялдарынын биримдигин жана тилектештигин символдоштуруу үчүн арналган. Ага катышуу үчүн баш калаага качкындар лагерлеринен жүздөгөн ооган усталары келишет. Андан соң эң мыкты эмгектер Кабулдагы көргөзмөдө көрсөтүлөт.

Ал күнү Өкмөт аялдардын абалына байланыштуу келечекке багытталган саясатты жарыялайт деп күтүлүүдө. Анын максаты өлкөдөгү ар бир аял жашына, динине, социалдык абалына жана билимине карабастан, эркектер менен бирдей коомдук турмушка катыша алат. Анткен менен азырынча Конституция кепилдеген теңчилик алыс.

Ирак

Иракта аялдардын майрамы 4-мартта белгиленет. Мындан 33 жыл мурун дал ушул күнү президент Саддам Хусейн Ирактагы аялдар биримдигине барган. Ошондон бери 4-март ирактык аялдардын расмий майрамы болуп эсептелет, бирок эс алуу күнү эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM