Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бельгия чектөөлөрүн алып салды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 171 | 0

Дээрлик эки жылга созулган чектөөлөрдөн кийин Бельгия бүгүн коронавируска каршы чаралардын көбүн жокко чыгарды. Бул тууралуу MIR-24 телеканалы кабарлады.

Беткап режими дээрлик бардык жерде жокко чыгарылып, ооруканаларда, карылар үйүндө жана коомдук унаада гана сакталып калды. Калк мындан ары кафе-ресторандарга санарип сертификаты жок да кирсе болот.

Саякатчылар өлкөгө киргенде атайын форма толтурбайт. Бельгиянын эмдөөдөн толук өткөн тургундарынан ПЧР-тест тапшыруу талап кылынбайт. Өлкө калкынын  78,6%га жакыны эмдөөнүн эки түрүн тең алган.

Буга чейин Индонезия 7-марттан тарта Бали аралына келген саякатчылар үчүн карантинди алып салганын кабарлаган. Эрежелер 23 өлкөнүн толук эмдөөдөн өткөн туристтерине тиешелүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM