Биз менен байланышыңыз

Президент өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон айымдар менен жолугушту (сүрөт)

Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 1559 | 0

Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова бүгүн, 7-мартта аймактарда ар кыл кесипти аркалаган айымдар менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жолугушууга эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, күнүмдүк турмушта чыныгы баатырлыкты көрсөткөн өз кесибининин мыкты өкүлдөрү чакырылганын белгилеп, эртеңки 8-март — аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар президенттин энчилүү сааты менен сыйланышты.

Copyright © 2017 Maral FM