Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова бүгүн, 7-мартта аймактарда ар кыл кесипти аркалаган айымдар менен жолугушту.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө жолугушууга эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, күнүмдүк турмушта чыныгы баатырлыкты көрсөткөн өз кесибининин мыкты өкүлдөрү чакырылганын белгилеп, эртеңки 8-март — аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар президенттин энчилүү сааты менен сыйланышты.