Биз менен байланышыңыз

Эркин күрөшчү Алмаз Сманбеков дүйнөлүк рейтингдин ТОП-20сына кирди

Кыска кабар , Спорт | 7 Мар 2022 | 522 | 0

Кыргызстандык эркин күрөшчү Алмаз Сманбеков дүйнөлүк рейтингдин ТОП-20сына кирди. Бул тууралуу маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун ( (UWW) сайтына жарыяланды.

Жаңыланган рейтинг Түркиядагы биринчи Ranking Series турниринин жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Стамбулда Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турниринде Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, алтын медаль алды.

Бул жыйынтык ага дүйнөлүк рейтингдин ТОП-20сына кирүүгө шарт түзүп, 19-орунду ээлеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM