Биз менен байланышыңыз

Бишкекте баңгизатын жасаган жаран кармалды (фото)

Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 316 | 0

Бишкекте баңгизатын мыйзамсыз даярдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын ыкчам-иликтөө кызматкерлерине «М» аттуу адамдан «баңгизаттарын сактаган жаран» тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен кылмышка шектүү 1963-жылы туулган К.М. кармалган. Андан ар кандай формада, жалпы салмагы 22 кг 850 граммды түзгөн кара куурайдын таңгактары жана баңги затын пресстөөчү аппараттарын табышкан.

Ал тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM