Биз менен байланышыңыз

«Келечек» футбол турниринде баш байгени «Дарыгерлер» алды

Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 209 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган «Келечек» жаштар турнири аяктады.

Турнир 35 жашка чейинкилер арасында өтүп, ага «Мамлекеттик кызматкерлер», «Эл өкүлдөрү», «Дарыгерлер», «Мугалимдер», «Журналисттер», «Өнөр адамдары», «Блогерлер», «Ишкерлер» деген 8 команда катышты.

Жыйынтыгында төмөнкү командалар жеңүүчү аталып, акчалай байге алышты:

1-орун — «Дарыгерлер», байгеси 50 миң сом;

2-орун — «Журналисттер», байгеси 30 миң сом;

3-орун — «Өнөр», байгеси 20 миң сом;

4-орун — «Мамлекеттик кызматкерлер», байгеси 10 миң сом.

Андан тышкары төмөнкү оюнчулар атайын номинациялар менен сыйланышты:

«Мыкты оюнчу» — Мирлан Кубанычбеков («Дарыгер»);

«Мыкты бомбардир» — Бекболсун Молдояр уулу («Блогерлер»);

«Мыкты дарбазачы» — Азат Сагынов («Мамлекеттик кызматкерлер»);

«Мыкты коргоочу» — Адилет Султаналиев («Өнөр»);

«Мыкты күйөрман» — Темирлан Ишенов.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Келечек» турнирин өткөрүүгө салым кошкон өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирип, кийинки оюнду өткөрүү кезеги Ош шаарына берилди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM