Акыркы убактардагы окуялар, анын айланасындагы талкуулар боюнча Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев атайын кайрылуу жасады.
«Дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпаңыздар. «Интернеттен алдык» деп эле жалган маалыматтарды жеке менчик телевидениеден таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Анан мыйзам чегинде териштире баштаса, «сөз эркиндигин ооздуктап жатат» деп айтып чыгасыздар. Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телевидение жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар», — деди Эрбол Султанбаев.
Айта кетсек, 3-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети NEXT TV телеканалына Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев менен эфирдик инженери Таалай Бейшембаевди кармап кетишкен. Ага аталган телеканалдын социалдык барактары аркылуу Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берип, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген кабар жайгаштырганы себеп болгон.
Инженер Таалай Бейшембаев ошол эле күнү коё берилип, ал эми директору эки айга камакка алынган. Бул коомчулукта ар кандай пикирлерди, талкууну жараткан.
NEXT TV телеканалынын негиздөөчүсү жана кожоюну: саясатчы Равшан Жээнбеков.
NEXT TVга карата соттун чечимисиз колдонулган катаал чара