Биз менен байланышыңыз

7-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 6 Мар 2022 | 572 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 9…14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8,

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 8…10 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM