Биз менен байланышыңыз

Мексикадагы футбол чемпионатында мушташ чыгып, 20дан ашык адам жаракат алды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2022 | 225 | 0

Мексикада футбол матчында мушташ чыгып, 20дан ашык адам жаракат алды. Бу тууралуу «ТАСС» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү Мексиканын футбол боюнча чемпионатында «Керетаро» жана «Атлас» командаларынын беттеши учурунда массалык мушташ болгон.

«Мушташтан 22 адам жабыркады, алардын тогузу борбордук ооруканага жеткирилди, экөөнүн абалы оор деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.

Мушташ трибунада жана футбол талаасында матчтын экинчи жарымында «Атлас» 0:1 эсебинде алдыда келе жаткан кезде болгон.

Окуянын жыйынтыгында 10 чакты тополоңчу кармалган. Футбол чемпионатынын жетекчиси окуяны тыкыр иликтөөгө убада берип, жекшемби күнү 9-турдун калган оюндарын өткөрбөй турганын билдирди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM