Биз менен байланышыңыз

Хоккей: Кыргызстандын курама командасы Малайзияны 22:1 эсебинде утту

Кыска кабар | 6 Мар 2022 | 397 | 0

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын IV дивизионунда Кыргызстандын курама командасы Малайзиянын командасын 22:1 эсебинде жеңип алды.

Эки команданын оюну бир күн мурун, 5-мартта шаардык муз тебүүчү аянтчада өттү. Биринчи тайм 6:0, экинчи тайм 16:1 эсебинде аяктады.

Буга чейин кыргызстандыктар ирандыктарды 13:1 эсебинде жеңген.

Эки оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы алты упай менен турнирдик таблицада биринчи орунда келе жатат.
Кыргызстанда спорттун бул түрү боюнча дүйнөлүк чемпионат биринчи жолу өтүүдө. Чемпионат беш күнгө созулуп, Иран, Кыргызстан, Кувейт, Малайзия жана Сингапурдун командалары беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM