Венгриянын Будапешт шаарында Travel Show Budapest – 2022 эл аралык туристтик көргөзмөсү башталды. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.
Ага Кыргызстандан да делегация катышууда. Бул өлкөнүн туристтик потенциалын Европа жана башка континенттердеги өнөктөштөргө көрсөтүүгө, жаңы бизнес мамилелерди түзүүгө, ар кандай туристтик дестинацияларды илгерилетүүгө, байланыштарды түзүүгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.
Департамент билдиргендей, көргөзмө 40 жылдан бери Венгрияда гана эмес, Европа Биримдигинде да алдыңкы жарманкелердин бири болуп саналат.
Маалым болгондой, Кыргызстандын стендине расмий өкүлдөр, анын ичинде Казакстандын жана Грециянын элчилери, Египеттин туризм министринин орун басары жана башкалар келген.