Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк доллардын өсүшү боюнча биринчи интервенцияны мартта жүргүздү

Кыска кабар | 5 Мар 2022 | 393 | 0

Кечээ, 4-мартта Улуттук банк кыргыз сомунун курсун туруктуу кармоо үчүн валюта базарына 55,35 млн доллар чыгарып, анын ичинен 26,80 млн доллар накталай сатылган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

4-мартта коммерциялык банктарда жана менчик акча алмаштыруучу жайларда 1 доллардын баасы 98 сом 50 тыйынга чейин сатылды. Улуттук банк 5-мартка карата расмий курсту 97 сом 67 тыйын деп белгиледи.

Улуттук банк жыл башынан бери сушуну менен төрт жолу интервенция жасап, 200 млндон ашык долларды каржы базарына чыгарды. Акыркы жолу 24-февралда 14 млн доллар саткан.

Кыргызстанда доллардын курсу кескин түрдө көтөрүлүшүнө Украина-Орусиядагы жагдай себеп болду. Орусиянын аскерлери Украинага кол салып, абал 24-февралдан бери тынчый элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM