Биз менен байланышыңыз

«Ошэлектрдеги» коррупция: Ноокат РЭТтин мурдагы жетекчиси камалды

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 232 | 0

«Ошэлектр» ишканасындагы коррупция боюнча козголгон иштин алкагында «Ноокат райондук электр тармактары» ишканасынын мурдагы директору, учурдагы Кызыл-Кыя жылуулук электр борборунун директорунун орун басары А.И. камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, «Ошэлектр» ААКнын кызмат адамдарынын электр энергиясына болгон карыздарды чогултууда 134 млн 404 миң 877 сомдук зыян келтиргени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында «Ошэлектр» ишканасынын мурдагы директору Дыйканбай Даминов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM