Биз менен байланышыңыз

«Дүйнө мусулман айымдын көзү менен» аттуу сүрөт көргөзмө ачылды (видео)

Блог , Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 1679 | 0

Бүгүн, 4-мартта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде алгачкы жолу уникалдуу «Дүйнө мусулман айымдарынын көзү менен» аталышындагы көргөзмө ачылды.

 

17 сүрөтчүнүн эмгектери коюлган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, сүрөт ышкыбоздору катышты.

 

«Умма» журналы уюштурган иш-чара өлкөбүздөгү жарандардын маданий деңгээлин арттырууга, учурдун актуалдуу маселеси болгон мусулман аялдарына болгон көз карашты жакшыртууга багытталган.

 

Сүрөт көргөзмөнүн максаты мусулман аялдарынын интеллектуалдык жана чыгармачылык дараметин көрсөтүү, өсүп келе жаткан муундун искусствого кызыгуусун арттырууга, өзүн-өзү өнүктүрүүгө үндөө, жаштардын бүтүндөй коом үчүн маанилүү болгон маселелерди ойлонуусуна түрткү берүү болуп саналат.

 

Арт-көргөзмө 4-марттан баштап, 20-мартка чейин уланат.

 

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM