Биз менен байланышыңыз

Чүй: Көчкүдө калган аңчынын сөөгү табылды

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 210 | 0

Кемин районунда көчкүдө калган аңчынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кечээ, 3-мартта Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жел-Арык коктусуна көчкү түшүп, аң уулап жүргөн үч адамдын бирин басып калган.

Маалыматтын негизинде ӨКМдин Кемин райондук бөлүмүнөн беш куткаруучу жерине саат 15:55те барган. Издөө иштеринин натыйжасында 17:45те 1973-жылы туулган Б.Р. аттуу адамдын сөөгү табылган.

Көчкүнүн көлөмү болжол менен 3 миң куб метр экени айтылды. Көз жумган жарандын сөөгү экспертиза жүргүзүү үчүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM