Кемин районунда көчкүдө калган аңчынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кечээ, 3-мартта Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жел-Арык коктусуна көчкү түшүп, аң уулап жүргөн үч адамдын бирин басып калган.
Маалыматтын негизинде ӨКМдин Кемин райондук бөлүмүнөн беш куткаруучу жерине саат 15:55те барган. Издөө иштеринин натыйжасында 17:45те 1973-жылы туулган Б.Р. аттуу адамдын сөөгү табылган.
Көчкүнүн көлөмү болжол менен 3 миң куб метр экени айтылды. Көз жумган жарандын сөөгү экспертиза жүргүзүү үчүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.