Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда гумжардамды саткан дарыгерлер жоопко тартылды

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 287 | 0

Жалал-Абадда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна ачылган иш боюнча тергөө аяктап, иш сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук прокуратура билдирди.

Аталган борбордун дарыгерлери кан диабети менен жабыркаган жарандар үчүн мамлекеттен бөлүнгөн 761 миң 760 сомдук дары-дармекти кымырып алышкан. Кызмат абалынан кыянат пайдаланышып, бекер берилүүгө тийиш болгон бул каражаттарды сатып, пайда көрүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө материалдык зыяндын 600 миң сому өндүрүлгөн. Мекеменин директорунун орун басары И.Э.ге «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен айыбы угузулуп, кылмыш иш соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM