Connect with us

«Эмнеден коркуп жатасың?». Зеленский Путинге кайрылуу жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 9042 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия президенти Владимир Путинди сүйлөшүүгө чакырып, кайрылуу жасады.

«Биз өзүбүздү коргоону каалайбыз, бирок алар бизди сындырууга аракет кылууда. Биз Орусияга кол салган жокпуз жана кол салуу ниетибиз да жок. Биз НАТОго мүчө болдукпу? Жок. Бизде өзөктүк куралыбыз барбы? Жок».

Ал Путинге видео аркылуу түз кайрылып, сүйлөшүүгө келүүсүн кошумчалаган.

«Мен эмне дешим керек? Кимге эмне беришим керек. Бизден эмне каалайсың? Биздин жерибизден чыгып кет. Эгер чыгып кетүүнү каалабасаң, мени менен сүйлөшүүлөр столуна отур, менин колум бош. Бирок Макрон, Шольц менен өткөргөн 30 метрлик узун столдо эмес, жакыныраак отуралы. Мен сенин кошунаңмын, тиштеп албайм.

Мени менен отур, сүйлөш, эмнеден коркуп жатасың? Биз эч кимге коркунуч жаратпайбыз. Биз террорчулар эмеспиз», — деди Зеленский.

Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин да буга чейин Украина президенти менен сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок АКШнын ортомчулуктан чыгуусун белгилеген болчу.

Украинадагы согуштун жетинчи күнү: Өткөн түндөгү окуялар тизмеги (фото)

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM