Биз менен байланышыңыз

Лавров: Украина менен сүйлөшүүгө даярбыз, бирок атайын операция улана берет

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 294 | 0

Украина менен сүйлөшүүлөргө даярбыз, бирок коркунуч жараткан инфратүзүмдү жана курал-жаракты жок кылуу боюнча атайын операция улана берет. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттерге билдирди.

«Биз сүйлөшүүгө даярбыз, бирок операцияны улантабыз, анткени Украинадагы Орусиянын коопсуздугуна коркунуч келтирген инфратүзүмдү сактап кала албайбыз. Бизге коркунуч туудурган инфратүзүмдү жок кылуу максатына жеткенде гана Украинадагы операция аяктайт», — деди Лавров.

Ал Украинадагы операцияны «аргасыз чечим» деп атады.

«Бул аргасыз чечим, анткени Батыш бизди укпай койду. Акыркы 30 жылда алар бизге калп айтып келишти», — деп жыйынтыктады Лавров.

Орусия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. Путин анын максатын «сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо» деп атоодо.

Ошондой эле Орусиянын Куралдуу күчтөрү аскердик инфратүзүмгө жана украин аскерлерине гана сокку уруп, карапайым калкка коркунуч жаратпасын, өлкөнү басып алуу ниети жоктугун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM