Биз менен байланышыңыз

Sputnik Light вакцинасы Казакстанда чыгарыла баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 348 | 0

Казакстанда «Караганда фармацевтикалык комплекси» коронавируска каршы Sputnik Light вакцинасын өндүрө баштады. Бул тууралуу Zakon.kz маалымат агенттиги билдирди.

Белгилүү болгондой, бул дары былтыркы жылдын ортосунда Орусиянын Гамелеи атындагы илимий-изилдөө институтунда ревакцинация үчүн иштелип чыккан. Анын далилденген натыйжалуулугу 79,4%ды түзөт.

Буга чейин KFK казакстандыктарды эмдөө үчүн биринчи COVID-19 препараты Sputnik V вакцинасын чыгарууну баштаган болчу.

Казакстанда өндүрүлгөн дары Орусияда каттоодон өтөрү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, былтыркы жылдын февраль айынан бери пандемия учурунда инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү үчүн өтө зарыл болгон вакцинанын 7 миллион дозасы жарандык жүгүртүүгө таратылган. Кийинки кадам калкты ревакцинациялоо үчүн бир компоненттүү «Спутник Лайт» препаратын чыгарууну өнүктүрүү болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM