Биз менен байланышыңыз

Украина: Акыркы суткадагы урунттуу учурлар

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 247 | 0

Украина-Орусия чатагына байланыштуу 2-марттагы окуялардын урунттуу учурлары:

1. Mercedes-Benz Орусияда автоунааларды чыгарууну жана жеткирүүнү токтотот;

2. Япония орусиялык төрт банктын, анын ичинде ВТБнын активдерин иштен чыгарат;

3. Канада санкция тизмесине Медведев, Мишустин, Силуанов, Собянин, Бегловду кошкон;

4. ЕККУнун Украинадагы байкоочу миссиясынын кызматкери Марина Фенина Харьковду аткылоо учурунда каза болду;

5. Лондон металл биржасында алюминийдин баасы тоннасына 3600 доллардан ашып, тарыхый чегин жаңыртты;

6. Орустарды санкциялардан коргоо үчүн Мамлекеттик Думага 2022-жылдын 30-сентябрына чейин жарандарга кредиттик эс алуу каралган мыйзам сунушталды. Кийинчерээк өкмөт бул мөөнөттү узарта алат;

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда кошумча социалдык колдоо жана элди керектүү дары-дармек менен камсыздоо чаралары сунушталууда. Санкциялардан улам чет элдик университеттерде окуусун токтотууга мажбур болгон орусиялык студенттер да коргоого алынат. Жумушсуздуктун өсүшүнө жол бербөө боюнча чаралар да каралат;

7. Түштүк Корея АКШнын санкцияларына карабай Орусияга автоунааларды, смартфондорду, кир жуугуч машиналарды жана башка тиричилик техникаларын жеткирүүнү улантат;

Өлкөнүн бийликтери АКШнын Соода министрлиги менен кеңешип, андан кийин штаттар тиричилик техникасын өзгөчө деп кароо керек деген тыянакка келишкен;

8. Орусия Федерациясынын Коргоо министрлиги анын жабдыктарындагы символдордун түшүндүрмөсүн жарыялады: Z белгиси — жеңиш үчүн, V — чындык ал эми дагы бир V (аскердик унаада ал △белгиленген) — тапшырма аткарылды дегенди билдирет;

9. Кытай Орусияга каршы санкцияларга кошулуудан баш тартты;

10. Эл аралык Fitch рейтинг агенттиги Орусиянын узак мөөнөттүү рейтингин «ВВВ»ден «В»ге чейин төмөндөттү;

Ал эми 3-марттан баштап борбор калаанын мэриясынын токтому менен Москвада QR-коддорун колдонуу токтотулду;

Немис бийликтери Forbes журналынын маалыматы боюнча, Алишер Усмановдун 156 метрлик, баасы 600 миллион долларга жакын Дилбар яхтасын конфискациялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM