Connect with us

Apple компаниясы Орусияда продукцияларын сатууну токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2022 | 340 | 0

Apple компаниясы Орусиядагы дүкөндөрүн жаап, продукцияларын сатууну токтотуп койду. Мындай кадам Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин болду. Бул тууралуу басылмалар жазып чыгышты.

Компания Орусиянын «баскынчылыгына» терең тынчсызданарын жана «зордук-зомбулуктан жапа чеккендерди» колдой турганын билдирди.

Apple Pay жана Apple карталары сыяктуу башка кызматтар да чектелген.

Google ошондой эле RT сыяктуу мамлекет тарабынан каржыланган орус басылмаларын өзүнүн функцияларынан алып салды.

Ошондой эле орус тилиндеги мобилдик банкинг тиркемелери, мисалы, орусиялык ВТБ банкынын тиркемеси Apple iOS операциялык системасы менен иштеген түзмөктөрдө толук иштебей калышы мүмкүн.

Буга чейин Украинанын вице-премьер-министри Михаил Федоров «Твиттер» аркылуу Apple компаниясына ачык кат жазып, Орусияны өнүмдөрүнөн, кызматтарынан жана App Store дүкөнүнөн ажыратууну суранган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM