Орусиянын президенти Путин 24-февралда Украинага аскердик операция жарыялаган. Кол салуу башталганына 7 күн болуп калса да, жардыруулар токтой элек.
Орусия армиясы 1-мартта күндүз Киевдеги телемунарага сокку уруп, андан беш украин каза тапса, 2- мартка караган түнү Киев, Харьков жана Херсон шаарларына чабуул жасаганы кабарланды.
Ошондой эле Украинанын түндүк-батышындагы Житомир шаарында орус күчтөрү 2 жай тургунду атып өлтүргөнү, Таганрогдогу аэродромдун аймагында ракета жарылганы айтылды.
Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги «Орусияга каршы маалыматтык чабуулдарды басуу үчүн» сокку урарын билдирген.
Орусиянын айрым Telegram-каналдары бул украиналык «Смерч» комплексинен атылган ракета болгонун жазышууда.