Биз менен байланышыңыз

«Аракетчил» долбоорунун алкагында жаштар акысыз окуй алышат

Коом | 1 Мар 2022 | 925 | 0

Кыргызстанда 18 жаштан 34 жашка чейинки жарандарды акысыз окутуу боюнча «Аракетчил» долбоору ишин баштады. Анын максаты айылдагы жаштардын иштешине жардам көрсөтүү. Демилге Япон Өкмөтү менен Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, Ага Хан фондунун «Кыргызстандын тоолуу аймактагы жамааттарынын өнүгүүсүн колдоо программасы» аркылуу ишке ашып жатат. Студенттер тигүүчү, электрик, ветеринар, чач тарач жана башка кесиптерди үйрөнө алышат. Долбоор тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн эксперт Мунира Калиева менен маектештик.

— «Аракетчил» долбоорунун көздөгөн максаты кандай? Демилгенин артыкчылыгы эмнеде?

— Долбоордун максаты: 18 менен 34түн ортосундагы жаштардын жумуш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүү. Биз бул демилгени эки багытта алып барабыз. Биринчиси, ишкердикке үйрөтүү, тарбиялоо, кичи гранттар аркылуу алардын ишин өнүктүрүүгө жол ачып берүү. Экинчиси, кесиптик билим берүү багыты. Жалпысынан долбоор улан-кыздарга керек болгон кесиптин ээси болушуна мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле өлкөдөгү жаштардын өз алдынча иш менен камсыз болушуна колдоо көрсөтөт.

— Бул окуу курсунан өтүүгө Кыргызстандын бардык аймактарындагы жаштар катыша алабы?

— Тилекке каршы, «Аракетчил» окуу курсуна бардык аймактардагы жаштар катыша албайт. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын гана 18-34 жашка чейинки жаштары окуудан өтө алышат. Жалпы үч облустун 41 айыл аймагында жашагандардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

— «Аракетчил» демилгесинде окуу канча убакытта аяктайт? Ал жерде окугандар кандай кесиптердин ээси боло алышат?

— Долбоордун алкагында төрт курс уюштурулуп, алардын ар бири жаштардын муктаждыктарына жараша билим жана көндүмдөрдү көрсөтүүгө багытталган. Келечекте бир кесиптин ээси болгусу келген жаштарга 12 кесип боюнча тандоо мүмкүнчүлүгү берилет, алар: тигүүчү, электрик, автослесарь, агроном, официант, ветеринар, электр газ ширетүүчү, сантехник, чач тарач, компьютер оңдоочу, ашпозчу жана гид. Курстар кыска мөөнөттүү. Окутуу акыркы заманбап технологиялык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу адистер тарабынан өткөрүлөт. Курсту ийгиликтүү аяктаган студенттерге окуунун аягында сертификаттар ыйгарылат.

— Учурда долбоор аркылуу билим алып жаткандар барбы? Ошондой эле алдыда канча адамды окуу курсунан өткөрүү пландалып жатат?

— Долбоордун планы боюнча 4 миңдей студент окутулушу керек. Бүгүнкү күндө 1500 адамдын арасынан окууну бүткөндөр да бар, ошондой эле окуусун улантып жаткандар да бар. Программалоо менен алектенүүнү жана андан кийин IT компаниясында жумуш табууну каалаган жаштар үчүн кеңсе тиркемелери, ошондой эле веб жана графикалык дизайн боюнча курстар окутулат. Ал жаатта миң адамды окутуу пландалып жатса, бүгүнкү күндө 80ден ашык улан-кыз билим алды. Ошондой эле айыл чарба жана кол өнөрчүлүк тармагында бизнесин өнүктүргүсү келген жаштарга дагы кошумча нарк жүгүртмөсү боюнча окутуу жүргүзүлдү. Аларга кийиз менен иштөө, балчылык, күрүч өстүрүү, алма, өрүк, малина өстүрүү технологиялары боюнча 309 студент окуудан өттү.

— Окууну бүтүргөндөрдү ишке орноштурууга жардам бересиздерби?

— Бул долбоордун негизинде жумуш берүүчүлөр менен атайын биримдик түзүлөт. Ал жерде коом болот. Коом аркылуу жумуш менен камсыз болом, иштейм деген жаштарды атайын сыноо убактысы берилет (стажировка). Ал убакыт 1 же 2 айды талап кылат. Ошол учурда биз ал студенттерге стипендия төлөп беребиз. Алар жумуш берүүчүлөрдүн фабрикасында же цехинде болобу иштеп, өзүн көрсөткөнгө толук мүмкүнчүлүгү болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM