Connect with us

Жапония Орусияга 100гө чукул санкция салды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2022 | 10471 | 0

Жапониянын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга каршы киргизген санкцияларынын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Андан белгилүү болгондой, Орусиянын өлкө жетекчилигинин алты өкүлү, атап айтканда, президент Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу, коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын командири Валерий Герасимов жана коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жеке санкцияларга кабылды.

Мындан тышкары 49 ишканага жана уюмга, анын ичинде ФСБга, ГРУга, «Сухой компания» ААКына, «РАК МиГ» ААКына, «Ростек» мамлекеттик корпорациясына, Борбордук банкка, ВЭБ банкына жана «Промсвязбанкка» жана башкаларга экспорттук санкциялар киргизилген.

Аны менен катар жалпы багыттагы продукцияларды экспорттоого тыюу салды.

Украинадагы согуштун алтынчы күнү: Окуялар тизмеги (фото)

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM