Биз менен байланышыңыз

Украинадагы кырдаал: сүйлөшүүгө артылган үмүт

Дүйнө | 28 Фев 2022 | 290 | 0

Бүгүн Орусия менен Украинанын мамлекеттик өкүлдөрү сүйлөшүү үчүн жолугат. Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский сүйлөшүү үчүн Беларустун Гомель облусу тандалып алынганын билдирди. Ал эми Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Беларусь президенти Александр Лукашенко Украина президенти Владимир Зеленскийге телефон чалып, эки тараптуу сүйлөшүүгө көндүргөнүн, ортомчулук милдетти аркалап берерин айтканын маалымдады.

Ал ортодо Бишкекте Украинанын Кыргызстандагы элчиси маалымат жыйын өткөрүп, орус-украин тараптарынын жолугушуусу жана Украинадагы абал боюнча маалымат берди.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо тууралуу» билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана жардыруу уланууда. Эң чоң чабуулдар Киев шаарына жасалды.

Бүгүн Орусиянын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Киев жөнөткөн расмий делегация Украина менен Беларустун чек арасына барды.

Делегациянын курамында Украина парламентинин депутаты, крымдык Рустем Умеров, «Эл кызматчысы» фракциясынын төрагасы Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников, президенттин кеңешчиси Михаил Подоляк, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий жана башкалар бар.

Ал эми Орусиядан президенттин жардамчысы Владимир Мединский, Коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Орусиянын Беларусиядагы элчиси Борис Грызлов, Мамлекеттик Думанын депутаты Леонид Слуцкий катышат.

Орусия делегациясынын башчысы, президенттин жардамчысы Владимир Мединский эки тараптын сүйлөшүүлөрү Москва убактысы боюнча саат 12:00дө башталарын билдирген, бирок ал убакыт бир канча жолу жылдырылды.

«Биз Украина делегациясын күтүп жатабыз. Биздин делегация кечээ түнү келген. Түнү менен уктаган жокпуз. Жолугушуу бир топ жолу жылдырылды. Жаңы эле алар болжол менен бир сааттан кийин келишет деген маалымат алдык. Биз 12де сүйлөшүү столуна отурабыз. Украин делегациясынын курамы белгилүү. Кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкдарбыз».

Беларусь Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүү залы даяр экенин белгилеп, атайын сүрөт жарыялаган.

Тараптар сүйлөшүүлөрдү бир күн мурун, 27-февралда өткөрүүнү макулдашкан. Орусиялык делегация Беларуска келип, Киевдин өкүлдөрүн саат 15:00гө чейин күтөрүн кабарлаган. Украин бийлиги күтүү убактысы аяктаарына саналуу мүнөттөр калганда гана макулдук беришти.

Ошол эле учурда Украинанын президенти Владимир Зеленский бул жолугушуунун жыйынтыгына «ишенбесин» билдирди.

Бүгүн Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко маалымат жыйын өткөрдү. Ал Беларустагы эки тараптын жолугушуусу тууралуу үн катып, Украина тек гана коргонуу максатында туруштук берип жатканын белгиледи.

«Кечээ кечинде Украина Орусия тарап менен Беларуста уюштурулган жолугушууга макулдугун берди. Беларусь өлкөсү эки тараптын жолугушуусу коопсуз жайда өтө турганын айтышты. Украиналык аскерлер да, колуна курал алган жөнөкөй жарандарыбыз да конкреттүү түрдө өзүнүн жашаган аймактарын, шаарларын, райондорун коргоп жатышат. Биз эч качан багынбайбыз».

Украинадагы атайын аскердик операцияга каршы үчүнчү нааразылык акциясы Бишкектеги Орусиянын элчилигинин жанында өттү. Ал жерге чогулгандар урушту токтотуу үчүн плакаттарды көтөрүп, Кремлдин саясаты менен макул эместигин айтып, болуп жаткан окуяларды аскердик агрессия катары сыпатташты. Алар орус бийлигин Украинага кол салууну токтотууга чакырышты.

Ал арада Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов «Фейсбук» баракчасына кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо тууралуу маалымат берди.

«Жарым сааттын ичинде Украинада коменданттык саат бүтөт. Андан кийин биздин жарандарды көчүрүүнү баштайбыз. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз».

Бул кабардан бир канча убакыт өтпөй, Идрис Кадыркулов экинчи билдирүүсүн жарыялап, 107 кыргызстандык атайын автобус менен Киевден Венгрияга көчүрүлгөнүн, алардын 34ү жаш бала экенин айтты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 27-февралда кыргызстандыктардын тобу украин-польша чек арасынан өткөнүн, алар азыркы учурда Польшанын Кендзежин-Козле шаарында коопсуз жайда экенин кабарлаган. Кыргызстандын Польшадагы ардактуу консулу аларды мейманканага жайгаштырган.

Ошондой эле Кыргызстандын Молдовадагы ардактуу консулунун көмөгү менен украин-молдова чек арасынан өткөн Кыргызстандын жарандары учурда Кишинёв шаарында жана Леордоайдагы Manas yurt village комплексинде турушат.

Орусия Украинага кол салгандан бери тараптар сүйлөшүүгө бара албай жатышат. Украин президенти Владимир Зеленский сүйлөшүү тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путинге бир нече жолу сунуш берген.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Украинада 24-февралдан бери 102 жай тургун (анын ичинде жети жаш бала) каза болуп, 300дөн ашык карапайым адам жараат алганын маалымдады. Ошондой эле Украинадан 422 миң адам чыгып кеткени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM