Биз менен байланышыңыз

Сариев: БШК мыйзам бузууларды «катып» жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Фев 2022 | 504 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого чейинки мыйзам бузуулар боюнча фактыларды талапкерлерге, элге расмий жана ачык-айкын жарыялоого каршы чыгып, маалыматты жеткирбей «катып» жаткан көрүнүштөр болду. Бул тууралуу БШКнын мурдагы төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаттыгына Биринчи Май округунан талапкер Акылбек Сариев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Сариев БШКга мыйзам бузуулар боюнча 6 жолу арыз жазганын, тилекке каршы, кабыл алынбай, четке кагылганын белгиледи. Буга байланыштуу ал Жогорку Сотко даттанган. Сот Сариевдин БШКнын иш-аракеттери боюнча 4 кайрылуусунун экөөсүн канааттандырып, мыйзамсыз деп тапкан. Калган экөөнү «мөөнөтү өтүп кеткен» деп токтотушкан.

«Менин шайлоого катышканымдын себеби депутат болуу эмес. Мен өткөн шайлоодо алыс жакта болуп БШКнын ишиндеги мүчүлүштүктөр боюнча айта алган жокмун. Бул жолкусунда «Тиешелүү органдар канчалык деңгээлде мыйзам чегинде талапкердин жана шайлоочулардын укугун коргойт?» — деген суроого жооп алуу жана башкаларга ачык көрсөтүү максатында катыштым. Мен үгүт иштерин жүргүзгөн жокмун, каражат да сарптаган жокмун. Жыйырма күн БШК менен соттошуп өтүп кетти», – деди Сариев.

Ал БШКда төрага кызматын ээлеп турганда жөнөкөй жарандын кайрылуулары БШК тарабынан четке кагылып калган көрүнүштөр көп болгонун эске салды.

«БШКнын мурдагы төрагасы катары, талапкер катары мага ушундай мамиле кылып жатса, башка талапкерлердин, шайлоочулардын укуктары жөн эле тебеленип калды. Тең укук сакталган жок», — деп кошумчалады Сариев.

Copyright © 2017 Maral FM