Биз менен байланышыңыз

Медведев: Батыштын санкциясына биз да санкция менен жооп беребиз

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 4394 | 0

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев «В Контакте» баракчасы аркылуу чет өлкөлүктөр салган санкциялар тууралуу жазды.

Ал: «Санкциялар — миф жана ойдон чыгарылган, Орусиянын багытын өзгөртө албагандыктан саясий алсыздыктан алынган», — деди.

Андан тышкары жарыяланган чектөөлөргө кайдыгер эле карарын, себеби анын да, үй-бүлө мүчөлөрүнүн да чет өлкөдө эч кандай мүлкү жок экенин билдирди.

Аны менен катар Донбассты коргоо операциясы толук ишке ашып, «чектөөлөр эч нерсени өзгөртө албасын» белгилеп, операция Путин көрсөткөн бардык натыйжалар ишке ашканга чейин жүргүзүлөрүн эскертти.

Ошондой эле санкцияларга Орусиядагы чет элдиктердин жана чет элдик компаниялардын каражаттарын өлкө принцибине ылайык «тоңдуруу» менен жооп кайтарарын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM