«Баткен» бажы кызматкерлери жалпы салмагы 7,5 тонна жер семирткичти аткезчилик жол менен алып келген жаранды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.
Бажы кызматкерлери Баткен шаарынан Mercedes-Benz 814 унаасын токтотушкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан 7500 кг «Селитра» табылган.
Жүк чектеш мамлекеттердин биринен аткез жол менен алып келинген. Кармалган товардын жалпы наркы 337 миң 500 сом экени такталды.
Учурда бул факты боюнча иликтөө, тергөө жүрүп жатат.