Connect with us

ӨКМ: Көп кабаттуу үйдүн батири өрттөнүп, бир аял каза тапты

Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 467 | 0

Бишкек шаарынын 3-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринен өрт чыгып, бир аял каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт чыкканы тууралуу маалымат ӨКМдин Октябрь райондук бөлүмүнө бүгүн, 26-февралда таңкы саат 7:35те түшкөн.

Жерине райондон бир бөлүм 7:50дө барып, 8:18де чектөөгө алып, 8:45те толук өчүрүшкөн.

Өрттөлгөн батирди текшерүү учурунда бир аялдын сөөгү табылган.

Учурда өрттүн чыгуу себеби, көз жумган адамдын аты-жөнү такталып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көп кабаттуу үйлөрдө түтүндөн коргоочу автономдуу детекторлорду жана биринчи өрт өчүрүүчү шаймандарын орнотуу зарылчылыгын эскертип, кырсык болгон учурда 101 жана 112 номуру аркылуу куткаруу кызматына дароо чалууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM