Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 122 адам айыгып, 3 адам каза болду

Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 187 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб 26-февралга карата 31 адамдын оору жугузуп алганы аныкталганын маалымдады.

Булардын ичинен 15и Бишкек шаарынан, 11и Чүй облусунан, үчөө Ош облусунан, экөө Жалал-Абад облусунан катталган.

Ошол эле учурда акыркы суткада 122 адам айыгып чыгып, эки адам көз жумган.

Учурда 192 бейтап ооруканаларда, 818 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 200 миң 458 адам коронавируска чалдыккан. Алардын 194 миң 918и сакайып чыкса, 2 миң 954ү каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM