Connect with us

УКМК: Түрк ишкерден 3 миң доллар талап кылган тергөөчү кармалды (видео)

Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 748 | 0

Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн улук тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө Д.Ш. аттуу Түркиянын жараны 380 миң долларлык мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган адамдын үстүнөн арыз жазган.

Райондук милициянын улук тергөөчүсү, капитан Ж.С.Т. арызды карап берүү үчүн түрк ишкерден 3 миң доллар талап кылган. Тергөөчүнүн мыйзамсыз аракети боюнча ИИМге келип түшкөн арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен иш козголгон.

УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматынын биргелешкен иликтөөсүнүн аркасында улук тергөөчү Ж.С.Т. түрк ишкерден 250 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМК ушундай иштерге туш болгон жарандарды нөөмөт бөлүмгө 0(312) 66-04-75; 62-65-04 номери аркылуу кабарлап коюуну эскертет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM