Биз менен байланышыңыз

Путин Украинага: Бийликти «нашаакорлорго» карматпай, өзүңөр алгыла

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 216 | 0

Орусия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, анын жүрүшүндө Украинага төмөндөгүдөй талаптарды койду:

1. Орусия аскерлери өз элин жана Ата Мекенин коргоо милдеттерин кынтыксыз орундап жатышат;

2. Негизги кагылыш украин улутчулдары менен болууда;

3. Украин улутчулдарынын куралданган тобу Киев менен Харьковго залп ата турган системаларды орнотуп, террорчулардай аракет кылууда;

4. Орусия «нашаакорлор жана ашынган улутчулдар тобу» менен эч кандай мунасага келбейт;

5. Батыш Украинага курал ташуусун токтотушу керек.

Путин андан тышкары Украин армиясына кайрылып: «Ашынган улутчулдар менен бандиттердин балдарыңарды, аялдарыңарды, карыларыңарды «тирүү калкан» катары пайдаланышына жол бербегиле. Бийликти өз колуңарга алгыла. Нашаакорлор, ашынган улутчулдар менен сүйлөшүүгө караганда силер менен тил табышуу жеңилирээк өңдөнөт», — деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM