Connect with us

Yaşar Doğu-2022: Мээрим менен Айпери финалга өттү

Кыска кабар , Спорт | 25 Фев 2022 | 444 | 0

Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan турниринде Кыргызстандын балбан кыздары Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы финалга өттү.

68 кг салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова дароо чейрек финалдан баштап, Орусиянын балбан кызы Татьяна Смолякты көтөрүп чаап, далысын килемге басып, 4:0 эсебинде утуп алды.

Ал эми жарым финалда эзелки атаандашы Ханум Велиевага кайра бет келди. Беттеш 5:5 эсебинде жыйынтыкталып, 4 упай жасаганы жана акыркы аракети үчүн жеңиш Мээрим Жуманазаровага ыйгарылды.

Мээрим Жуманазарова бүгүн Нигериядан келген балбан кыз Блессинг Оборудуду менен финалда күрөшөт.

76 кг салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы алгачкы беттешинде орусиялык Кристина Шумованы 10:0 эсебинде, чейрек финалда дагы бир орусиялык Екатерина Букинаны 5:3 эсебинде утуп алды. Жарым финалда германиялык Франци Рейделтке туш келип, 6:1 эсебинде жеңип, финалдык баскычка өттү.

Айпери Медет кызы бүгүн финалда Австриядан келген балбан кыз Мартина Куенз менен алтын үчүн күрөшөт.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. Аны Дүйнөлүк күрөш уюму түз алып көрсөтөт. Сайтка кирүү үчүн катталуу кажет.

Айта кетсек, турнирге 62 кг салмакта барган дагы бир балбан кыз Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде эле бразилиялык Лайс Нуньес де Оливейрага 0:8 эсебинде утулуп калган. Лайс Нуньес де Оливейра чейрек финалда Тунистен келген Марва Амриге 10:0 эсебинде алдырып жиберип, Айсулуу коло үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калды.

Copyright © 2017 Maral FM