Биз менен байланышыңыз

Путин Киев менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 208 | 0

Орусия президенти Владимир Путин Киев менен жогорку деңгээлде баарлашууга даяр. Ал бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Орусия лидери Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдиргенин «РИА Новости» маалымат агенттиги Кытайдын борбордук телеканалына шилтеме берүү менен жарыялады.

Сүйлөшүүдө Кытай тарап Орусия-Украина мамилесин сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууну колдой турганын билдирген.

Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский видеокайрылуу жасап, анда Орусия лидери Владимир Путинди сүйлөшүү үстөлүнө чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM