Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Ак-Тилек» постунан мыйзамсыз акча жасагандар кармалды (видео)

Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 495 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын текшерүүлөрүнүн жүрүшүндө «Ак-Тилек» постунун салмак-габарит көзөмөл пунктунан «акча жасагандар» кармалды.

Пункттун кызматкерлери ар бир жүк ташуучу унааны өткөргөнү үчүн 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин акча алып турушкан. Ошол эле учурда айрым жүктөрдүн наркын төмөндөтүп каттап, андан да бир нече жолу «акча жасашкан». Кээ бир жүк ташуучу унаалардын айдоочусун опузулап, 1 миң-2 миң сомдон талап кылышкан.

Бүгүн, 25-февралда айтылган пункттун кызматкерлери М.К.А. менен С.У.А. 13 миң жана 12 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү. Андан тышкары Мамлекеттик салык кызматкери Х.У.Т. 5500 сом алып жаткан учурда кармалды.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM