Украинадагы аткылоо болуп жатканын, Орусиянын 3 вертолёту атылганын Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович Facebook баракчасына жазып, андагы жоокерлердин сүрөтүн жарыялады.
«Жакында эле Киевге жакын жердеги Гостомель аэродромуна орусиялык тик учактар тарабынан чабуул жасалды. Уруш болуп жатат. Душмандын 3 вертолёту атып түшүрүлдү», — деп билдирди Арестович.
Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракеталык октор атылганын ырастады.