ИИМдин Уюшкан кылмыш менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери 6 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин бир жаран милиция кызматкерлери пара талап кылып жатканын айтып, арыз жазган.
Факты боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы «пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козгогон.
22-февралда Ш.У. жана А. У. пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.