Connect with us

Орусия валютасынын наркы кескин түшүп кетти

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 419 | 0

Кыргызстандын коммерциялык банктарында орус валютасынын наркы кескин түшө баштады. Белгилүү болгондой, алар бир рублди 0,73 сомдон сатып алып, 1,06-1,070 сомдон сатып жатышат.

Учурдагы Улуттук банктын сайтында расмий курс 1,0545 сомду түздү.

Орус басылмаларынын маалыматына караганда, рублдин курсу Орусия президенти Владимир Путиндин Донбасста атайын аскердик операцияны баштоо чечими тууралуу билдирүүсүнөн кийин төмөндөгөн.

Ошондой эле доллар биринчи жолу 2016-жылдын январь айынан бери 84 рублдан ашты. Ал эми евро 2014-жылдын декабрынан бери биринчи жолу 95 рублдан жогору көтөрүлдү.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирген. Украинада аскердик абал киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM