Биз менен байланышыңыз

Орусия: Мигранттар үчүн медициналык кароонун убактысы узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 196 | 0

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги чет элдик жарандарды медициналык кароодон өткөрүү тартибине өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.

Күбөлүктүн жана медициналык корутундулардын мөөнөтү 12 айга чейин узартылды. Чет өлкөлүк жарандарды текшерүүдө алардын мурунку медициналык кароодон өткөнү же медициналык документтер менен тастыкталган профилактикалык текшерүүлөр тууралуу маалыматтары эске алынат. Ошол эле учурда бир катар оорулар үчүн диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү ыкмалары кеңейтилет.

6 жаштан 18 жашка чейинки чет элдиктер үчүн медициналык окуунун көлөмү кыскартылды. Мындан ары 13 жашка чейинки балдардын канында баңгизаттардын жана психотроптук заттардын бар-жогун текшерүү болбойт.

Мындан тышкары медициналык текшерүүнүн алкагында диагностиканы талап кылган жугуштуу оорулардын тизмесинен чыгарылды. Жаңы буйрук ушул жылдын 1-мартынан тарта күчүнө кирет.

Эске салсак, 2021-жылдын 29-декабрында Орусияда чет элдиктердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын медициналык текшерүүнү, манжа изин каттоону жана сүрөткө тартууну караган жаңы миграциялык эрежелер киргизилген.

Ошондой эле буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Орусиядагы чет элдик жарандар үч айда бир жолу медициналык кароодон өтүшү керек деген маалымат тараган. Саламаттыкты сактоо министрлиги муну четке какты. Алар белгилегендей, үч айлык мөөнөт аймактык ички иштер органдарына өткөрүү үчүн документтердин жарактуулугун камсыздайт жана экспертиза үч ай сайын жүргүзүлүшү керек дегенди билдирбейт.

Copyright © 2017 Maral FM