Биз менен байланышыңыз

Мас болуп машина айдаган мигранттар Орусиядан чыгарылат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 319 | 0

Орусияда мас абалында унаа айдаган же коррупциялык иштерге барган мигранттар өлкөдөн чыгарылат. Мындай сунушту Ички иштер министрлиги киргизген.

Министрликтин айтымында, мигранттардын өлкөдө жүрүүсүн көзөмөлдөөнүн жаңы механизмдерин түзүү каралып жатат. Аны ишке ашыруу үчүн бир катар мыйзам актыларына, анын ичинде «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодекске өзгөртүүлөр киргизилет.

Өзгөртүлгөн кодексте экстремисттик жана террордук аракеттерге, коррупцияга, курал-жаракты жана баңгизатты мыйзамсыз алып жүрүүгө, коомдук коопсуздукка шек келтирген аракеттерге, коомдук жайларда тартипти бузгандарга жана мас болуп унаа айдагандарга жазаны катаалдатуу чаралары камтылат.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мигранттарды мыйзам сактоого чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM