Connect with us

Токтогулда суунун кескин азайганына байланыштуу, Энергохолдинг элге кайрылды

Кыска кабар | 23 Фев 2022 | 309 | 0

Токтогул суу сактагычында суу азайып кеткенине байланыштуу Улуттук энергохолдинг калкты жарыкты үнөмдөп пайдаланууга чакырды.

22-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,4 миллиард метр куб көрсөткүчкө чейин азайып кетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 миллиардга төмөн көрсөткүч.

Агып кирген суунун орточо суткалык көлөмү чыккан суудан үч эсеге аз болууда. Энергетикалык компаниялар суу ресурстарын үнөмдөө жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча бардык чараларды көрүп жатканы белгиленди.

Ошондой эле 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 20-февралына чейинки мезгилде бөлүштүрүүчү компаниялардын электр энергиясын лимиттен ашыра пайдаланганы байкалган.

Электр энергиясын керектөөнүн өсө бериши Токтогул суу сактагычында суунун азайышына жана жарыктын өчүшүнө алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу Улуттук энергохолдинг элди энергетика тармагындагы түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, жарыкты үнөмдөп пайдаланууга чакырат”, — деп жазылган маалыматта.

Компания белгилегендей, 2021-жылдын 1-октябрына карата суу сактагычтагы суунун деңгээли 12,3 миллиард куб метрди түзгөн. Жалпысынан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн республикага 6-8 миллиард куб метр суу керектелет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM