Биз менен байланышыңыз

Чоң-Алайдын тарыхы энциклопедия болуп чыкты

Коом | 22 Фев 2022 | 1107 | 0

Бүгүн Бишкекте «Чоң-Алай энциклопедиясы» китебинин бет ачары болду. Ага мамлекеттик кызматкерлер, маданият өкүлдөрү, тарыхчылар жана Чоң-Алай районунун тургундары катышты.

Энциклопедияда Чоң-Алай районунун табияты, калкы, тарыхы, экономикасы жана башка маалыматтар камтылган. Ошондой эле өрөөндө туулуп-өскөн, эл оозуна алынган белгилүү инсандар жөнүндө макалалар да топтолгон. 

Эмгек Чоң-Алай районунундагы баалуулуктарды даңазалоо максатында жазылган. Басылманы даярдоо 2016-жылы башталган. Архивдик маалыматтарды топтоого бир канча убакыт кеткен.

Энциклопедиянын түзүүчүсү, тарыхчы Акматбек Маматкаимов китептин сапаттуу жазылышына чоң аракет жумшалганын айтты.

«Чоң-Алай өрөөнүнө эмне кирсе, ошонун баарын камтып жазганга аракет кылдым. Бир жыл толугу менен архивдерден, адабияттардан маалымат топтодум. Библиографиясын түздүм. Экинчи жылы жазылды. Эки жылдан башка убакта биз ар кандай тармактагы окумуштуулар, аттуу-баштуу адамдар менен талкууга койдук. Сапаттуу чыгышы үчүн бардык баскычтагы талкуудан өткөрдүк. Жыйынтыгында жыйырмадан ашык талкуу болду. Китептин ичине кандай маалымат киргизсем, ар бирин өз көзүм менен көрүп, таанышып, анан жаздым. Сүрөтчүнүн, жазуучунун, геологдун, ботаниктин, айтор, бардык адистердин көз карашы менен карап жаздым».

Китептин ичинде венециялык саякатчы Марко Полонун Чоң-Алайды кыдырып баратканда жазган сөздөрү камтылган. Ошондой эле өрөөндүн байыркы мезгилден тартып бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы менен да таанышууга болот.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов энциклопедиянын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, тарыхый маалыматтардын жогорку деңгээлде топтолгонун баалады.

«Бул китеп боюнча көптөн бери кабардармын. Облустук, райондук энциклопедиялардын арасынан сапаты, жазылган жагынан да эң мыктысы — ушул китеп. Анын ичинде райондун тарыхы, географиясы, жаратылышы, тоолору, суулары жана башкалары тууралуу маалыматтар жазылган. Чоң-Алайда эмне болсо, ошонун баары камтылган. Өзгөчөлүгүн айтсам, тарыхчы катары бааладым. Тарыхка байланыштуу бардык маселелер бар. Тарыхый инсандар, тарыхый изилдөөлөр, тарыхый окуялар, археологиялык ири табуулар мыкты чагылдырылган».

Өлкөнүн тарыхчылары энциклопедияны бир гана Чоң-Алайдын эмес, жалпы Кыргызстандын тарыхына салым кошкон зор эмгек катары баалашат.

Чоң-Алай районунун тургуну, жазуучу Низамидин Мурзаев китепте жергиликтүү калктын каада-салты жогорку деңгээлде көрсөтүлгөнүн белгиледи.

«Китепти толугу менен окуп чыктым. Чоң-Алайдын район катары калыптанышы, адабияты, маданияты мыкты жазылган. Энциклопедияны жазуу үчүн бир канча адамдан турган топ керек. Бирок бул энциклопедия бир адамдын күчү менен, болгондо да өтө ынтызарлык менен ишке ашты. Энциклопедиялык маалыматтардын деңгээлинде жакшы уюштурулган. Материалдар менен да жетиштүү камсыздалган. Жазуучу катары мазмунуна, жазылышына жогорку баамды бере алам».

«Чоң-Алай энциклопедиясын» жазуу демилгесин райондун мурдагы акими Абдимамат Мурзабеков, тарых илимдеринин доктору, маркум Бектемир Жумабаев жана мамлекеттик ишмер, адабиятчы Абдыганы Эркебаев көтөрүп, аны Акматбек Маматкаимов жүзөгө ашырган. Китеп «Турар» басмаканасында 1500 нускада басылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM