Биз менен байланышыңыз

23-февраль кайсы өлкөлөрдө майрамдалат?

Блог | 23 Фев 2022 | 845 | 0

Кыргыз Республикасында 2003-жылдан бери «23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү» мамлекеттик деңгээлде расмий майрамдалат.

Тарыхы

1918-жылдын 15-январында (жаңы календарь боюнча 28-январда) Советтик Орусиянын Эл комиссарлар кеңешинин декрети менен Жумушчу-дыйкандардын армиясы түзүлгөн. Ушул күндөн тарта 4 жыл бою 28-январь «кызыл белек берүү күнү» катары майрамдалып келген.

1922-жылдын 27-январында Бүткүл орусиялык аткаруу комитети Советтик Орусиянын Кызыл Армиясынын 4 жылдыгын белгилөө жөнүндө Декрет кабыл алып, анда буга чейин 28-январда өткөрүлүп келген «кызыл белек берүү күнүн» 23-февралга жылдырган. Ошондой эле бул күн аскер кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары гана белгиленип, калган советтик жарандар үчүн кадимки иш күн болгон.

СССР тарагандан кийин 23-февраль Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан мамлекеттеринде мамлекеттик майрам катары сакталып калса, айрым постсоветтик өлкөлөрдө жөн гана тарыхты эскерүү катары белгиленет; айрым постсоветтик өлкөлөр таануудан баш тартышкан.

Кыргызстан 

СССР тарагандан кийин бул күн жөн гана «эркектерге белек берүү күнү» катары гана эскерилип турган. Ал тургай, майрамды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнү — 29-майга которуу демилгеси да көтөрүлгөн.

2003-жылдын 20-январында Кыргыз Өкмөтү «23-февралды Ата Мекенди коргоо күнү катары белгилөө жөнүндө» №17 токтомун кабыл алган. Ошол күндөн тарта мамлекеттик майрамдардын катарына кирип, расмий өткөрүлүп келет.

Тажикстан

1992-жылы 23-февралда ошол кездеги президенти «Эгемен Тажикстандын Коргоо министрлигин жана Куралдуу күчтөрүн түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ошондон тарта бул дата Тажикстан Куралуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнү катары мамлекеттик деңгээлде майрамдалып келет. Бул күн өлкөсүндө аскердик парад, оюн-зоок, салтанат менен коштолот.

Беларусь 

23-февраль бул өлкөдө Советтер Союзундагы калыбын сактап калган. Бул мамлекеттик майрам болуп, жыл сайын президент Александр Лукашенконун Минск шаарындагы «Жеңиш» эстелигине гүлчамбар коюусу менен башталат. Андан соң президент катышкан аскердик парад өтүп, оюн-зоок менен коштолот.

Орусия

1993-жылдын 8-февралында Орусия Жогорку Совети «23-февралды Орусия Федерациясынын маанилүү күнү — Ата Мекенди коргоочулар күнү катары белгилөө жөнүндө» токтом чыгарган.

1995-жылы 13-мартта ошол кездеги президенти Борис Ельцин «Орусиянын мааракелик даталары жана аскерлерди даңктоо күнү жөнүндө» Федералдык мыйзамга кол койгон. Анын негизинде 23-февраль «1918-жылы Кызыл Армиянын Германиянын кайзердик аскерлерин жеңген күнү — Ата Мекенди коргоочулар майрамы» катары белгилене баштаган.

2006-жылы 15-апрелде Орусия Мамлекеттик Думасы айтылган мыйзамга түзөтүү киргизген. Андан бери 23-февраль «Аскерлерди даңктоо жана Ата Мекенди коргоо күнү» катары майрамдалып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM