Биз менен байланышыңыз

70 миңден ашык жаран бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 135 | 0

22-февралга карата 70 миң 891 жаран бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын ичинен 61 миң 56 декларация электрондук түрдө тапшырылды. 

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, тапшыргандардын ичинен 19 миң 246 юридикалык жак, 29 миң 731 жеке ишкер, 7872 жеке жак, 3566 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 10 миң 476 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө отчет берүүлөрү керек.

1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү же жер участогу (короо-жай участогунан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM