22-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош мамлекеттик университетине барды. Ал өндүрүштүк-педагогикалык колледждин алдыңкы тажрыйбалар борборунун жана ОшМУнун медициналык клиникасынын иши менен таанышты.
Байсалов окуу жайдын санариптик билим берүү чөйрөсү, ачык-айкындыкты камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу маалымат алды.
Андан соң Кызыл-Кыя шаардык социалдык камсыздоо башкармалыгына жана Үч-Коргон айылындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна барды. Эртең Баткен облусунда өтүүчү Министрлер кабинетинин көчмө жыйынына катышат.