Биз менен байланышыңыз

Австралия эки жылдан бери жабык турган чек арасын ачты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 300 | 0

Австралия дээрлик эки жылдан бери жабык турган чек арасын ачты. Бул тууралуу BBC маалымат агенттиги жазды.

Мындан ары коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн чет элдиктер бул өлкөгө кире алышат. Коюлган талаптарга ылайык, эмдөөнүн эки дозасын тең алган туристтер эркин кирсе, бир гана дозасын алгандар өз эсебинен 14 күндүк карантинге жатып чыгышы керек.

Австралиянын Соода-өнөр жай палатасы берген маалыматка караганда, туристтердин кирүүсүнө коюлган чектөөлөр туризм, өндүрүш сыяктуу тармактардын айына 3,6 миллиард Австралия доллардан (2,2 миллиард евро) зыян тартуусуна жеткирип жатат.

Премьер-министр Скотт Моррисон бара-бара саякатчылардын катары көбөйөрүнө ишенимин билдирип, дүйнөдө визасы Австралияда таанылган 1,2 миллиондон ашуун адам бар экенин маалымдады.

Чектөөлөрдүн алып салынышына Австралиянын соода, туризм жана инвестиция министри Дэн Техан сүйүнүп турганын айтып, «Биздин туризм өндүрүшүбүз жана аны менен алектенген 660 миң жараныбыз үчүн кандай сонун жаңылык болду», — деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM